Депутат Динара Ашимова: «Аялдардын үнү айыл чарбасынан тартып, саясатка чейин угулушу керек»

Аялдардын үнү айыл чарбасынан тартып, саясатка чейин угулушу керек. Бул тууралуу депутат Динара Ашимова соцтармактагы баракчасында жазды.

«Бүгүн Бишкекте ФАО конференциясында аялдардын агро азык-түлүк системаларындагы орду жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Айылдагы аял – бул жөн гана эмгек күч эмес, ал коомду өзгөртө турган лидер. Аларды чечим кабыл алууга катыштыруу – туруктуу өнүгүүнүн башаты.

Биздин максат – аялдарга билим, жер, технология жана каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Климаттын өзгөрүшү учурунда айымдар үчүн бизнес жана инновациялар боюнча мүмкүнчүлүктөр чексиз», — деп жазды ал.