Эгер Борбор Азия климатты байкамаксан болсо, ал согуштардан эмес суусоодон, ысыктан жана аракетсиздиктен жок болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова жазды.
«Бул жолу бизди чек аралар сактап калбайт. Жаңы чындыктын алдында күчтөрдү бириктирүү бизди куткарат. Биздин тандообуз бир: интеграция же буулануу. Болуп жаткан кубулушту толугу менен өзгөртө албасак да аны басаңдатууга мүмкүн. Бул үчүн жалпылап аракеттенүүгө милдеттүүбүз. Биздин мыйзам долбоорубузда ким эмне кылышы керектиги жана кайсы министрлик кандай милдеттемелерди аткарышы жазылган. Табигатты биргеликте сактап калалы!»,–деди эл өкүлү.