Депутат Динара Ашимова үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Динара Ашимова аялдарга карата зордук-зомбулуктун үрөй учурган фактыларына көңүл бурду.

Эл өкүлү Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө зомбулукка каршы эң алдыңкы мыйзам базасына ээ экенин белгиледи. Анын ичинен, 30дан ашуун депутат «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды демилгелеп, кабыл алганын эске салды. «Бирок бул мыйзамдар толук кандуу иштеши үчүн, зомбулуктун алдын алууну күчөтүү үчүн каржылоону көбөйтүү керек», — деген Динара Ашимова депутаттарды 2025-жылдын бюджетинин долбоорун кароодо укук коргоо органдарына, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Пробация институтуна тиешелүү каражат бөлүп берүүгө чакырды.