Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү үчүн кайрылды. Депутат өз чындыгын төмөнкүдөй билдирди:

 

«Урматтуу туугандар жана коомчулук!

Акыркы күндөрү мен тууралуу жүрүп жаткан талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп турам. Мурдагы жубайым Асел Сулайманованын жарыялаган маалыматтарынан кийин, мага карата оор жана адилетсиз пикирлер айтылып жатканын көрдүм.

Асел мени аялын уруп-сабаган, зулумдук көрсөткөн адам катары сүрөттөп жатат. Азыркы коомдогу аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу окуялардын фонунда бул өңдүү айыптоолор элди жаңылыш түшүнүккө түртүп, мени да ошол зөөкүрлөр менен теңеп жатканы өкүнүчтүү.

Мындай жагдайда актанып чыгууга туура келип жатканы үчүн уялам. Бирок чындыкты коомчулукка ачык айтуу зарыл деп эсептейм.

Биз Асел экөөбүз 2016-жылы таанышып, баш коштук.
Үй-бүлө болуп, эл катары жашадык. Асел мага үч уул төрөп берди. Мен эч качан ага кол көтөрүп, уруп-сабап же зулумдук кылган эмесмин. Үй-бүлөдө айрым учурда кайым айтышуулар болуп турчу, бирок кийинчерээк ашыкча кызгануу, текшерүү, жаңжалдар күчөп кетти. Кеч келгенимде уруш чыгып, үйдө уруш-жаңжал күчөй баштады. Ушунун баары акырындап ортодогу сезимдердин өчүшүнө алып келди.

Мен зомбулук көргөн үй-бүлөдө өскөн эмесмин. Ата-энемдин ортосунда сый мамиле болгон. Ошондуктан мындай мамиле мага жат эле.

2023-жылы балдар үчүн гана чогуу жашай албай турганымды түшүнүп, ажыраштык. Бишкектеги үйүмдү Аселге калтырып чыгып кеттим. Ажырашкандан кийин да жоопкерчиликтен качкан жокмун. Аселдин жана балдардын бардык муктаждыктарын камсыздап турдум. Балдарымдын окуусу, кийими, эс алуусу толугу менен менин мойнумда болду. Жылына эки жолу чет өлкөгө эс алууга алып барчумун. Мен бошобой калган учурда Аселдин өзүн кошуп жөнөтүп тургам, муну жалган деп айта албайт.

2025-жылдын май айында кайра чогуу жашоо аракети болду. Бир аз убакыт бирге турдук, бирок кайра ажырашууга туура келди. Себептерин ачык айтпай эле коёюн. Ошондон кийин да балдарга жана Аселге каржылык жардам көрсөтүүнү токтоткон жокмун.

Акыркы маселе талаптардын чектен ашуусунан башталды. Балдарды шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын таңуулап, манипуляция кылып жатты. Аселдин коомдук жайларда ар ким менен урушуп-мушташа кеткен учурлары дагы интернетке тарап, анын моралдык жоопкерчилиги мага тийип жатты “Эльдар Сулаймановдун аялы”-деп. Айрым учурда кимдир бирөөнүн бетин жарып, мурдун катанткан окуялары милицияга чейин жетти. Анын моралдык жоопкерчилигин да мен көтөрүп келдим.

Эми болсо чындыкка дал келбеген айыптоолордун курмандыгы болуп отурам. Аялы менен күйөсү урушат экен. Ошондой учурда унаамды талкалап, үйдүн айнектерин сындырып, мага бычак көтөрө чуркап, таш ыргыткан окуялар көп эле болду. Ушул көрүнүштөр бизди ажыратты. Өмүрлүк жубайым деп тандаган шеригиң — эркек экениңе карабай тепкилеп, атып уруп жатканы жүрөктү абдан оорутту. Муну айтпашым керек эле, тилекке каршы айтууга туура келди.

Урматтуу коомчулук!

Мен аялзатын кордогон, басмырлаган адам эмесмин. Мени тааныгандар муну тастыктай алат. Азыркы каралоолор мурдагы жубайымдын ажырашкандан кийинки жек көрүүсү деп ойлойм. Ажырашкандан кийин “жакшы эле” деп айтышпайт тура.

Бул менин биринчи жана акыркы түшүндүрмөм болсун. Асел кандай болгон күндө да менин балдарымдын апасы. Азыр эмоцияга алдырып жатат, бирок убакыт өткөндө бул аракеттерине өзү баа берет деп ишенем. Эртең эле балдарыбыз чоңоёт, аларды дагы ыңгайсыз абалга калтырып алганыбызга абдан кейип турам.

Асел сага кайрылам, экөөбүз чогуу өткөргөн жакшы күндөрдү гана эстейм. Бул кадамыңды эмоция үстүндөгү сабырсыздык деп кабыл алам. Экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге биз менен иштешкен адамдарды
аралаштырбай эле кой.

Ал эми талкуу жүргүзүп жаткандардан суранам, бирөөнүн үй-бүлөсү — караңгы токой. Так билбей туруп, оор сөздөрдү жазбаңыздар. Асел тууралуу да жаман пикир айтпоону өтүнөм, анткени ал менин балдарымдын апасы», — деди эл өкүлү.