Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү.
Онкологиялык оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоого багытталган иш-чарага демилгечилердин бири, депутат Эльдар Сулайманов катышты. Эл өкүлү өз сөзүндө саамалыктын максатына токтолуп: «Калктын саламаттыгына кам көрүп, ден соолугун чыңдоодо мындай иш-чаралардын мааниси чоң. Дени сак коом куруу өлкөбүздүн жаркын келечегинин негизи болуп саналат. Жалгыз Араван районунда эле жүздөгөн жарандар текшерүүдөн өтүп, керектүү медициналык кеңештерди алышты. Мындай иш-аракеттер дагы да улана берет», — деп билдирди.