Интернетке улуттук баш кийим болгон элечекти кийип, тамеки кармаган кыздардын сүрөттөрү жарыяланды. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Маданият министрлиги мындай сүрөттөргө тыюу салып, кыргыз элинин баалуулуктарын бузгандарга чара көрүшү керектигин белгиледи.