Депутат: «Электрондук тамекини 3-4-класстан баштап чегип жатышат»

«Электрондук тамеки боюнча канча айттым. Токтом менен эле чектеп коюшуңар керек эле. Сөзсүз Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, анан сайгылаганда эле иштебестен токтотушуңар керек болчу» деди депутат Шайырбек Ташиев комитет жыйында.

«Азыр бардык окуучулар, 3-4-класстан баштап студенттерге чейин чегип жатышат. Көбүнчө кыздар. Анын жыты да билинбейт экен, үйдө деле чеге беришет. Ошого да чектөө койгула. Бардык жерде сатылат», — деди депутат.