Депутат Эрнис Айдаралиевдин келинчегине куран окутары айтылды

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман нуру» фракциясынын төрайымы Динара Ашимова депутат Эрнис Айдаралиев келинчегине куран окутарын айтты.

«Бүгүн биздин депутат Эрнис Айдаралиев келинчегине куран окутуп жатат. Ошого 12:30дан 14:30га чейин танапис кылалы деген сунушум бар»,- деди ал. 

Маалыматтар боюнча, депутаттын жубайы 2023-жылы каза болгон.