Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов социалдык тармактагы баракчасына «Иштебеген ишеним телефону жарандардын ишеничин актадыбы?» деген аталыштагы видео жарыялады.
Анда депутат Билим берүү министрлигинин ишеним телефонуна чалып, алдыра алган эмес. Депутаттын айтымында, мектепте акча чогултуулар тууралуу көп маалымат түшүп жатат.
Депутат министр Каныбек Иманалиев менен жолугуу үчүн Билим берүү министрлигинин имаратына барган. Жарыяланган видеодон экөөнүн урушуп жатканын, депутатты күтүп турууну талап кылганын көрүүгө болот.