Депутат: «Эски автобекетти талкалаганга чейин жаңысын куруш керек беле?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги коомдук транспорт маселесин көтөрдү. Ошондой эле автобекеттердин көчүрүлүшү кимдин “эксперименти” экенине кызыкты.

“Өкмөтпү же мэриябы, ким ушундай эксперимент кылып жатат? Шаарда троллейбустар да жок, шаардыктардан көптөгөн даттануулар түшүп жатат. Айрыкча, Бишкектин четинде жашагандарды жаман кылдыңар. Алар шаарга иштегени, окуганы, дарыланганы келишет. Азыр аларды талаага калтырып, андан ары өзүңөр баргыла деп жатышат. Андан ары кантип барат? Жаңы автобекет курган жакшы, бирок эскини талкалаганга чейин жаңысын куруш керек беле? Азыр кыш келип калды, эл эми жөө басабы? Бул маселени чечиш керек”, — деди депутат.