Депутат: «Эт деле жебей калдык» дегендер болуп жатат»

Депутат Эрнис Айдаралиев Жогорку Кеңештин жыйынында шаар тургундары эттин баасына нааразы болуп жатканын айтты.

«Бишкекте эттин баасы өзгөчө карапайым адамдар үчүн ушунчалык көйгөйлүү маселе болду. Эл «эмнеге аз убакыттын ичинде баа көтөрүлүп кетти» деп жатышат. Көп балалуу үй-бүлө, жалгыз бой энелер бар. Алар «эт деле жебей калдык» дешүүдө. 550 сомдон 700 сомго аз убакытта көтөрүлүптүр», — деди депутат.