Депутат Икрамов: «Бангладеш менен Пакистандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыктары көбөйүүдө»

«Бангладеш менен Пакистандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыктары көбөйүүдө». Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ички эмгек рыногунда Пакистан менен Бангладештин жарандары көбөйүп кетти. Аларга канча иштөө уруксат кагаздары берилип жатат? Салыгы бюджетке түшүп жатабы? Канча эмгек мигранттары келди? Ушул боюнча так маалымат берип койсоңуздар. Бизде «мото-рикша» деген кызматын көрсөтүп башташыптыр. Бангладеш менен Пакистандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыктары көбөйүүдө. Аларга айдоочулук күбөлүктү ким берди? Сынак тапшырып жатышабы?» — деп суроо салды депутат.

Кечээ, 15-майда милициядан Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулганын маалымдашкан.