Депутат Икрамов кырсык боюнча: «Уюштуруучулар дыкаттык менен кароого милдеттүү эле»

«Уюштуруучулар дыкаттык менен кароого милдеттүү эле». Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Сузакта катталган кырсык боюнча соцтармактагы баракчасында билдирүү жарыялады.

«Сузак районундагы мектеп окуучулары арасында манас айтып, Манастап ураан чакыруу учурунда күтүүсүз кырсык катталды. Албетте, кырсыкты кайдан деп болбойт. Ошентсе да, уюштуруучулар бул иш-чараны уюштурууда ар бир кадамды дыкаттык менен кароого милдеттүү эле. Бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барып жатканы боюнча толук маалымат алып, жеке көзөмөлгө алдым. Кырсыкка кабылган окуучуларыбыз тез арада сакайып кетишине тилектешмин. Ал эми, идеологиялык максаттан алып караганда бул иш-чараны улантууну толук колдойм жана мындан аркы уюштуруу иштерин, коопсуздукту жергиликтүү бийлик, ИИМ көзөмөлгө алышы милдет!» — деп жазылат билдирүүдө.