Депутат Жакышов: «Быйыл картошка, кара өрүк, төө буурчактын түшүмү да, баасы да жакшы болбой калды»

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов дыйкандардын көйгөйүн көтөрдү.

«Жакында эл менен жолугушууга барып келдим. Быйыл картошка, кара өрүк, төө буурчактын түшүмү да, баасы да жакшы болбой калыптыр. Дыйкандар Айыл чарба министрлиги бизге жакшы үрөн, жер семирткич сунуштаса дешти. Жер семирткичти эрте эле, март айында алып келип беришсе деп айтышты», — деди ал.