Депутат министрге: «Сизге ханыша же «царица» деп кайрылалыбы?»

«Урматтуу министр, сизге кантип кайрылышыбыз керек» деп суроо салды депутат Жеңишбек Токторбаев жаратылыш ресурстары министри Динара Кутмановага. 

«Мен эмне деп жооп беришимди билбей жатам. Динара Асиевна же министр», — деп жооп берди ал.

«Сиздин министрликте ханыша же орусча «царица» дешет экен. Ошондуктан мен азыр же «урматтуу министр, же урматтуу Динара Асиевна же ханыша» кантип кайрылам деп ойлонуп жатам. Сиз канча жолу командировкага чыккансыз?» — деди депутат.

Кутманова 2,5 жылдын ичинде жети жолу командировкада болгондугун айтты.