Депутат: «Жарнактарда жаш кыздарга жумуш бар экени жазылат. Алар келсе сойкулук жумуш болот»

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев сыналгыдагы жарнактарда жаш кыздарга жумуш бар экени жазылса, иш жүзүндө бул сойкулук жумуш болорун айтты.

Эл өкүлдөрү жарнак жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат. Жамгырчиев мыйзам чийки экенин белгиледи.

«Жаш кыздар аймактардан келишет, келсе бул сойкулук болот. Канчалаган кыздар алданып, ызы-чуу болуп жатат. Ким жооп берет? Бүгүнкү күндө бул үчүн эч ким жооп бербейт, андай мыйзам жок, укук коргоо органдарынын рычагдары жок», — деди Жамгырчиев.