Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте эки көйгөй бар экенин айтты. Алардын бири кара түтүн болсо, экинчиси жол тыгын.
«Бул көйгөйдү чечүү үчүн бюджеттен канча акча сурадыңыз? Кантип чечебиз? Качан чечебиз?» — деди эл өкүлү Бишкек мэрине. «Жол тыгын боюнча жылдын башында Жогорку Кеңештен тапшырма түшкөн. Концепция иштеп чыкканбыз», — деди мэр депутатка.
«Шакекче жол керек. Кааласак да, каалабасак да, ошого убакыт келди. Новопокровкадан баштасак, шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна 20 мүнөттө жеткендей, жол чырак жок шакекче жол кылсак, 47 чакырым жаңы жол салыш керек болот экен. Көпүрө пайда болот эле. Муну шаар өз бюджетине кыла албайт, өкмөт кошумча акча бөлүп бериши зарыл», — деди эл өкүлү.
«Ички жана тышкы шакекче кылыш керек. Өкмөт акча бөлүп берип курбасак, шаар өзү кура албайт. Кышы бою план иштеп чыккыла, жазы менен киришесиңер», — деди Акылбек Жапаров.