Депутат журналисттердин кармалышы боюнча: «Өлкөнүн имиджине доо кете турган маселе болду»

15-январда 24.kg маалымат агенттигинде тинтүү жүрүп, «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголуп, жетекчилери суракка кирип чыгышты. 16-январда «Айт айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун кеңсесинде тинтүү жүрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун командасында иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан баш-аягы 11 журналист кармалды. Алар массалык башаламандыкка чакырык кылууга шектелип жатышат.

«Үйүнө чейин кирип тинтүү кылганы туура эмес го дейм. Компьютерлерди алып кеткенин да туура көргөн жокмун. Өлкөнүн имиджине деле доо кете турган маселе болду. Бул маселе жакшылыкка чечилет деп ишенем», — деди депутат Нуржигит Кадырбеков.