Транспорт министрлиги тарабынан колдоого алынып, жакынкы арада Айгүл-Таш — Согмент жолунун биринчи этабын асфальттоо башталат. Бул тууралуу депутат Бактыяр Калпаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Баткендеги элибиз Сох анклавы аркылуу өтпөш үчүн альтернативдүү Айгүл-Таш – Согмент жолун асфальттоо жөнүндө маселени көтөргөн болчумун. Кудай буюрса, демилге колдоого алынды», — деп жазды эл өкүлү.