Депутат Калпаев: «Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү завод куруу керек»

«Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү завод куруу керек». Бул тууралуу депутат Бактыяр Калпаев комитеттик жыйында билдирди.

«Айыл чарбаны өнүктүрүүгө Баткендин климаты ыңгайлуу жана потенциалы жогорку деңгээлде, бирок тиешелүү инфраструктура жоктугунан дыйкандарыбыз түшүмдү жетиштүү деңгээлде өндүрө алышпайт. Баткенде түшүмгө жараша кылып өрүктү кайра иштетип чыгуучу заводторду курсак, чоң өлчөмдөгү түшүмдү өндүрүп облустун социалдык-экономикалык абалын бир кыйла көтөрө алабыз», — деди ал.