Депутат Калпаев: «Бишкек-Баткен авиабилети 6 миң сом. Арзандатып берсек, эл ыраазы болмок»

«Бишкек-Баткен багыты боюнча авиабилеттин баасы 6000 сом. Бул башка каттамдарга салыштырмалуу абдан кымбат». Бул тууралуу депутат Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Баткен облусу өзгөчө статус алган, республиканын алыскы аймагы. Өлкөдө жаңы аэропортторду куруу, учактарды сатып алуу боюнча конкреттүү жумуштар жасалууда. Эми өкмөт авиабилеттердин бааларын көзөмөлдөп, элдин суранычын эске алышы керек», — деди ал.