Депутат Калпаев селден жабыркагандарга барып кабар алды

Депутат Бактыяр Калпаев селден жабыркагандарга барып кабар алды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына видео жарыялады.

«Селден жабыркаган мекендештерибизден ордунан барып кабар алдык. Тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте ар тараптан колдоо көрсөтүү боюнча конкреттүү максаттар коюлду. Кыргыз жерибизди кырсыктардан Кудайым өзү сактасын», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.