Депутат Калпаев селден жабыркагандарга бир күндүк маянаны бөлүп берүүнү сунуштады

Депутат Бактыяр Калпаев бир күндүк маянаны бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кыргызстаныбыздын булуң-бурчунда элибиздин көпчүлүгү селден жабыр тартып, Баткен облусунда 5 жашар бала, Жалал-Абад облусунда 10 жашар бала тилекке каршы селдин кесепетинен өмүрү менен кош айтышты. Балдардын ата-энелерине терең кайгыруу менен көнүл айтып, жабыр тарткандарга бардык тараптан колдоолорду көрсөтүп, бир күндүк айлык маянабызды бөлүп берүүнү сунуштайм», — деди ал.