Депутат картошканын баасы 8 сом экенин айтып, нааразы болду

Депутат Акылбек Түмөнбаев картошканын баасы арзандап кетип, дыйкандар кайрылып жатышканын айтты.

«Бүгүн картошканын баасы 8 сом. Ал баага да өтпөй жатат. Кайсы кошуна мамлекеттер менен келишим бар? Дыйкандар өзүлөрүнүн жанын багып, мамлекетке жардамын берип келет», — деди эл өкүлү.