Депутат катышкан мушташ. Жабырлануучунун абалы айтылды

Улуттук госпиталдан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун катышуусунда мушташтан жабыр тарткан жарандын абалы тууралуу маалымат берилди.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун баш мээсинен жабык жаракат алып, баш мээси чайкалып, мурун сөөктөрү сынган. Бейтаптын абалы канааттандырарлык, эси жайында, дарылануусун улантууда.