Депутат: «Сүттүн баасы 25 сомго түшүп кетти. Анда эмнеге дүкөндө баа ошол бойдон турат?»

Депутат Аманкан Кенжебаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Таласка болгон көчмө жыйынына Айыл чарба министрлигинен эч ким барбаганына нааразы болуп, өкмөт жетекчилигин мүчөлөрүн тартипке чакырууга үндөдү.

Ошондой эле сүттүн баасына элдин наарызылыгы артып жатканын айтып, сүт маселесин күн тартибине киргизүүнү суранды.