Депутат: «Кочкор, Тоңдон бери гемодиализ алуу үчүн Балыкчыга келип жатышыптыр»

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балак Түлөбаев Кочкор, Тоңдон Балыкчыга барып гемодиализ алып жаткандардын маселесин көтөрдү.

«Гемодиализ борбору боюнча өткөндө да кайрылдык эле. Кочкор, Тоңдон бери Балыкчыга келип жатышыптыр. Протоколдук тапшырма берип, акырындан чече берели да. Бул адамдын өмүрү да«,- деди ал.