Депутат Кокулов эрдик кылган куткаруучуга ыраазычылык кат тапшырды

Бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында депутат Эрулан Кокулов өздүк курам менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жолугушууда патриоттук сезимдер менен кызмат өтөгөн жалпы куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган Ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Бектур Шамшиевге “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Ал 2023-жылдын 20-сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында ажаткананын калыңдыгы 30 ссантиметр болгон бетон полун тешкен соң ичине кирип, наристени аман-эсен алып чыккан.