Депутат Кокулов: «Жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өрт коопсуздугунун талаптары сакталбай жатат»

Кечээ, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Көчмө жыйын алкагында тармактык комитет Бообек Ажикеев жетектеген министрликтин 2022-жылдагы иши жөнүндө маалымат алды. Министр ушул жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгына токтолуп, катталган жаратылыш кырсыктары боюнча маалымат берди. Алсак, республика боюнча селдин кесепетинен 2731 жеке турак жай, 46 социалдык объект, 242 чакырым жол, 38 ички чарбалык канал жабыркаган. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 234 миллион 953 миң сомду түзгөн. Авариялык абалдагы үйлөрдүн ээлерине 51 миллион сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштерине 8 миллион 400 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат айтылды. Ошондой эле 11 ай ичинде 2279 өрт кырсыгы катталып, 3 миллиард 321 миллион сомдук зыян келтирилгени белгиленди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар маселелерди көтөрүштү. Депутат Улан Бакасов сел жана суу ташкындарынын алдын алуу чараларын көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, дарыя жээктерин бекемдөө иштерин өз убагында жүргүзүү керектигин кошумчалады. Ал эми депутат Ырысбек Атажанов быйыл да сел жүргөн Баткен облусунун Кадамжай районуна тууралуу кеп кылса, депутат Жылдыз Таалайбек кызы  өрт өчүрүүчү унаалардын аймактарга бөлүштүрүлүшү боюнча сөз козгоп, анын ичинен Кочкор районуна жаңы өрт өчүрүүчү жай куруу зарылдыгын билдирди.

Андан сырткары, депутат Эрулан Кокулов жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өрт коопсуздугунун талаптары сакталбай жатканын жүйө келтирсе, комитет төрагасы Улан Примов кадр маселесине, айрыкча квалификациялуу жумушчуларды тартууга, кызматкерлердин потенциалын чыңдоого жана эмгек акыны жогорулатуу маселелерине токтолду.