Депутат Култаева: «Жогорку билими барлар гана психологиялык кызмат аткарсын деген сунуш эмнеге эске алынган жок?»

Жогорку Кеңештин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Документ жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

Талкууда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып демилгечилердин бири Марлен Маматалиев: «Ар кандай көзү ачыктык кызматын көрсөтүп, элди алдоо ыкмалары өтө көбөйүп кеткен. Биз ошолордун баары жарнама бербесин деп жатабыз. Анын аркасы менен келип эле кайра кыйналып турган элди алдоо, көз боёмочулук болуп жатат. Төлгө салып алдабасын, аферисттерди жок кылалы деп жатабыз», — деди. Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Исхак Масалиев мыйзам долбоор боюнча айрым жагдайларды тактап, аны колдой турганын билдиришти. Депутат Дастан Бекешев “Жарнама жөнүндө” мыйзам 1998-жылы кабыл алынганын, ошондон бери жаңыланбай учурдун талабына жооп бербей калганын белгилеп, бул өзгөртүүлөр да толук кандуу иштеп кетеринен күмөн санады. Ал жумуш топ түзүп, “Жарнама жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Ал эми эл өкүлү Гүлшаркан Култаева жогорку билими барлар гана психологиялык кызмат аткарсын деген сунушу эмнеге эске алынбаганын сурады. Марлен Маматалиев бул сунуш мыйзам долбоордун концепциясына туура келбей калганын белгилеп, кийинчерээк аны мыйзамга кошуу боюнча чогуу иш алып баралы деген пикирин айтты.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.