Депутат: «Күнөөсү жок абакта жаткан Эрмек Маркабаевди экстрадициялоо керек»

«Биздин мекендешибиз Эрмек Маркабаев Алматыда көп жылдан бери ишкер болуп, иштеп жүргөн. Азыр кандайдыр бир себептер менен 3 айдан бери камакта жатат». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Күнөөсү жок баланы 3 айдан бери кармап жатат. ТИМге, Башкы прокуратурага, ИИМге тапшырма берели, экстрадициялайлы. Карайлы», — деди депутат.

Буга чейин Казакстанда июнь айынан бери камакта кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевдин жакындары Бишкекте акцияга чыгып, анын бошотулушун суранышкан. Алар өз кайрылуусун эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевге жолдошкон эле.