Депутат: «Кыргызстан боюнча 2 эле балдар аллергологу бар экен»

Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда аллергологго бейтаптар түнү менен кезекке турушарын айтты. 

«Көрсө, Кыргызстанда аллергологдордун абалы оор экен, республика боюнча 2 гана балдар аллергологу бар экен. Бул маселени тез арада чечүү керек. Оорунун этиологиясы азыр инфекциялык-аллергиялык болууда. Ал жакта балдар түнкү 12ден таң атканга чейин турушат. А азыр суук башталды. Бул маселени кантип чечейин деп жатасыздар?» — деп суроо салды ал саламаттыкты сактоо министринин орун басарына. 

Министрдин орун басарынын айтымында, аллергологдордун саны өтө эле аз. «Алар бир күндө же бир жылда эле окуй калышпайт. Тилекке каршы, акыркы жылдарда бул адистерге суроо-талап жок, муктаждык жок болгондуктан алардын кыскарышына таасир этти», — деп түшүндүрдү Жаркынбек Касымбеков. Ал ошондой эле бул кесиптин ээлери учурда чет өлкөлөрдө же менчик клиникаларда иштеп жатышканын айтты.

Буга чейин СуперТВ телеканалы дал ушул маселени көтөрүп, өлкө боюнча 2 эле аллерголог дарыгер бар экенин, аларга өлкө боюнча келгендер түнкү саат 12ден баштап кезекке турушарын айтып, видеоматериал даярдаган.