Депутат: «Кыргызстандыктарды Сириядан кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?»

«Кыргызстандыктарды Сириядан кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат»,- деп сурады депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында.

Анын айтымында, Сирияда Кыргызстандын жарандары бар.

«Бизге кайрылып, кыргызстандыктардын кайтып келиши боюнча маселени чечип берүүнү өтүнүшөт. Бул маселе боюнча өкмөт иштеп жатабы? Коңшу өлкөлөр аларды кайтарып келүү боюнча маселелердин үстүндө иштеп жатышат, ушул убакка чейин бир дагы кыргыз жараны мекенине кайтарыла элек. 2021-жылы ишти күчөтүү керек. Көрүлгөн чаралар боюнча жазуу түрүндө маалымат бериңиз”,— деди эл өкүлү.

Ал эми өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов өкмөт бул багытта иш алып барып жаткандыгын маалымдады.