Депутат: «Лейлекте 2 мектеп 8 айдан бери бүтпөй турат»

«Лейлекте 2 мектеп бар, 8 айдан бери айтып келем, курулушун бүтүрө албай жатышат» деди депутат Камила Талиева «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында.

Депутаттар Кыргызстандын 9 айдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат укту. Депутаттын айтымында, бир мектеп 150 орунга, экинчиси 225 орунга ылайыкталган.

«Абал оор, окуучулар 3 сменде окушат. Долбоор 9 айдан бери даяр эмес. Чакан мектепти бүтүрө албайт. Ага [Мамкурулуштун начальниги Нуртазин Жетыбаевге] эмне деп айтарымды да билбейм. Лейлек району өгөй балабы же эмне?» — деп сурады Талиева.

Депутат Лейлекте жашоочуларды жоготуу коркунучу бар экенин кошумчалады.