Депутат Мамасадыков балык азыктарынын курамындагы оор металлдардын деңгээлин аныктоону көтөрдү

Бүгүн, 10-июндагы Агрардык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касеинов белгилегендей, мыйзам долбоору инвентаризациянын алкагында иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын алдына коюлган милдеттер суу биологиялык ресурстарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун, өлкөнүн көлмөлөрүндө аквакультураны жана балык уулоону кеңири өнүктүрүүнүн, өлкөнүн жарандарынын балык азыктарына болгон ички суроо-талабын канааттандырууга багытталган балык тармагынын туруктуу иштешине жетишүү, Кыргыз Республикасында балык чарба тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Акбөкөн Таштанбеков балык чарбалык көлмөлөрдү пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу маселени көтөрүп, төлөмдөрдү көтөрүүнү сунуштады. Ал эми эл өкүлү Султанбай Айжигитов аквакультура тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин белгиледи. Муну менен катар депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу тассирин талдоо жүргүзүүнү сунуштаса, эл өкүлү Замирбек Мамасадыков балык азыктарынын курамындагы оор металлдардын деңгээлин аныктоо маселесине токтолду.

Андан тышкары, жыйында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.