Депутат Мамасадыков Ноокенде жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Депутат Замирбек Мамасадыков Ноокен районунун Достук айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуунун журүшүндө эл өкүлү мандат алгандан кийинки эки жарым жыл ичинде аткарган депутаттык ишмердүүлүгү боюнча отчёт берди.
«Мен Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатып бир гана убада бергем. Убакытты текке кетирбейм, эл аралайм, көчө-көчө кыдырып, элди угам деп сөз берген элем. Ошол убадамды аткарып эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн аткаруу бийлигине жеткирдим. Айрым маселелерди гранттардын, кайрымдуулук уюмдардын колдоосу менен ишке ашырдым», — деди депутат.
Замирбек Мамасадыков өз сөзүндө беш жылдык убакытта аткарам деп болжогон иштеринин 95 пайызын ишке ашканын кошумчалады. Муну менен катар эл өкүлү 7 мыйзам долбоорун өзү демилгелеп, 6 мыйзам долбооруна демилгечилердин катарында болгонун белгиледи.
«Бул жыйынга мамлекеттик органдарды, аким, мэрлерди чакырган жокмун. Мына бул президиумга аксакалдарды отургуздум. Анткени, элге отчёт берип жатам», — деди ал. Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, келгендер маселелерин, көйгөйлөрүн жана ыраазычылыктарын айтышты.
Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылынын тургуну Кенжегүл Султанова булганган аба, таза суу маселесин айтты. «Нарын дарыясында балык чарбачылыгы менен алектенген ишкерлер балыктарын башка жакка багышсын. Же ооруп жаткан элдин ден соолугуна зыян келтирип жаткандыгы үчүн компенсация төлөп берсин. Дээрлик ар бир үйдөн бирден жашоочу оорулуу болуп баратат. Мындай боло берсе, келечек жакшы болбойт», — деди ал.
Депутат жолугушууда көтөрүлгөн ар бир маселе көз жаздымда калбайт деп белгилеп өттү. Жолугушууга Ноокен районунун Бүргөндү, Ноокен айылдарынан, Аксы районунун Кызыл-Жар, Үч-Коргон айылдарынан, Шамалдуу-Сай шаарынан 300дөн ашуун адам катышты.