Депутат Маматалиев Ак-Жай айылынын административдик имаратынын ачылыш аземине катышты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Алай районуна иш сапары менен барып, аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен жеринде таанышты.

Ошондой эле тургундар менен жолугушуп, айыл турмушун жакшыртуу маселелерин талкуулады. Анын ичинен Көлдүк айылына волейбол аянчасын куруу жана жергиликтүү бала бакчаны кеңейтүү тууралуу сөз болду. Андан тышкары, Чий-Талаа айылына бала бакча куруу үчүн каражат маселесин чечүү жөнүндө айтылды.

Иш сапарынын алкагында эл өкүлү Ак-Жай, Кичи-Каракол айылдарына таза суу берүү долбоорунун абалы менен да таанышып, Кежиге, Сопу-Коргон айылдарын таза суу менен камсыздоо жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Муну менен катар Ак-Жай айылындагы футбол аянтчасынын абалын көргөн Марлен Маматалиев жаштар каалаган мезгилде ойной алышы үчүн спорттук жайдын чатырын жабуу зарылчылыгына токтолду. Мындан сырткары, аталган айылдын административдик имаратынын ачылыш аземине катышып, аткарылган иштер үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык каттарын тапшырды. Андан соң депутат өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген “Олжоке” бирикмесинин аксакалдары менен да баарлашты.