Депутат Маматалиев: «Биздеги сөз эркиндик менен сыймыктанабыз»

15-январда 24.kg маалымат агенттигинде тинтүү жүрүп, «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголуп, жетекчилери суракка кирип чыгышты. 16-январда «Айт айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун кеңсесинде тинтүү жүрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун командасында иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан баш-аягы 11 журналист кармалды. Алар массалык башаламандыкка чакырык кылууга шектелип жатышат.

«Мыйзам алдында баарыбыз бирдей жоопкер болушубуз керек. Эгер реалдуу түрдө артында жаман, мыйзамсыз иштер бар болсо, анда бул туура. Эгер кысым болсо, нааразычылыгымды билдирмекмин. Жалпы өзүмдүн принцибим — эркин сөз болушу керек. Бул Конституцияда да каралган. КМШда сөз эркиндиги сакталган бирден бир мамлекет бизбиз. Биз муну менен сыймыктанабыз. Буга каршы болбошубуз керек», — деди депутат Марлен Маматалиев.