Депутат Марипов: «Ноокат районунда таза суу жок болуп, балдар ооруп жатат»

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында таза суунун жоктугу көйгөй болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов билдирди.

«Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында таза суунун жоктугунан балдар ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болушууда. Ушул эле айыл аймактын Арбын айылында эл спорт залды өзүнүн күчү менен баштаган. Бирок бүгүнкү күндө дубалы көтөрүлгөн боюнча чатыры жабылбай турат», — деди ал.