Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-январдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев TikTok менен Telegram’дын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу керектигин айтты.
«Telegram’ды азыр жаба албайсың. Тиркемелердин негиздөөчүлөрү менен байланышып, ошолор жабышы керек. TikTok ошол эле сыяктуу. Бүгүн биз TikTok’ту жаптык, Бирок VPN менен кичинекей балдардан баштап, чоңуна чейин эч тоскоолдуксуз колдонуп жатат. Мурда балдарыңдын эмнени көрүп жатканын текшерип коё алган болсоң, азыр анте да албайсың. Ал башка учурларда VPN’ди өчүрүп коёт, сиз кире албай каласыз. Алар менен сүйлөшүп, өкүлчүлүк ачуу керек. Азыр TikTok’тун Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур. Ал Кыргызстанга келип бул жактан өкүлчүлүк ачып берейин, укук коргоо органдары менен чогуу иштейли, алардан маалымат түшсө, заматта баракчаларды жаап турам деп айтыптыр. Биз болсо сервисти жаптык дегенибиз менен азыр баары, өзгөчө окуучулар активдүү колдонуп жатышат. Ошондуктан тиешелүү министрлик сервистин жетекчилиги менен таанышып, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачсак”, — деди Маматалиев.
ТикТок Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын апрель айында тыюу салынган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМКнын катынын негизинде тиркеме жабылганын билдирген.