Депутат Марлен Маматалиев Орусиядагы президенттик академияны аяктады (видео)

Депутат Марлен Маматалиев социалдык тармактагы баракчасына билим алуу эч качан кеч эмес экенин жазып, Орусиянын президенттик академиясын аяктаганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал «Мамлекеттик башкаруу магистри — жетекчилер үчүн» багыты боюнча билим алган. «Менин жашоомдогу маанилүү этап жыйынтыкталды — Орусиянын президенттик академиясын «Мамлекеттик башкаруу магистри — жетекчилер үчүн» багыты боюнча аяктадым. Бул жаңы билимдердин жана тажрыйбанын жолу. Менин максатым — алган көндүмдөрүмдү коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн колдонуу», — деп жазды ал.

Маалымат үчүн: Депутат Марлен Маматалиев 43 жашта.