Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы таш кулоо коркунучу жогору болгон тилкесинде тоннель куруу иштерин баштоо аземине катышты.
Стратегиялык жолдун 400-чакырымында курулуша турган тоннелдин узундугу 750 чакырымды түзүп, долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланат. Салтанатта сөз сүйлөгөн депутат Талайбек Масабиров акыркы жылдары Кыргызстан менен Жапониянын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатканын сөз кылды.
“Андыктан, Жапониянын премьер-министри Сигэру Исибага, парламентиндеги “Жапония-Кыргызстан” достук лигасынын жетекчиси Ген Накатаниге, Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годага жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Нишигата Котарого көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирем. Жигердүү кызматташтыктын аркасында кыргыз-жапон алакасы жаңы деңгээлге чыкты. Мындан да алгылыкту иш алып барып, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деген терең ишеничтемин”, – деди депутат.
Масабиров Жогорку Кеңештеги Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси катары аталган өлкө менен тыгыз иш алып барып келет. Тагыраагы Жапониянын жетекчилери жана тиешелүү мекемелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана транспорт тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда. Алсак, медициналык мекемелерди заманбап техникалар менен камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу, ирригация системасын өнүктүрүү өңдүү жумуштар жасалып, магистратура жана докторантура боюнча билим алууну каалагандарды Жапонияда окутуу жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.