Депутат Масабиров: “Кыргыз жарандары эми Японияда ишке орношо алышат”

“Кыргыз жарандары эми Японияда ишке орношо алышат”. Бул тууралуу SuperTV телеканалына берген маегинде депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

«Мен 2018-жылы кыргыз-япон парламенттеринин достук лигасынын төрагасы болуп шайлангам. Кызматташуунун алкагында Кыргызстанга гранттык жардамдардын көрсөтүлүшү боюнча сүйлөшкөнбүз. Баткен облусуна 5 миллион 300 миң долларлык таштарды майдалай турган техника (дробилка) боюнча ратификациядан өткөн, президент да кол койду. Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ооруканаларга саламаттыкты сактоо жаатындагы жабдыктарды алып келишет», — деди ал.

Депутаттын айтымында, Япониядан келген делегациянын сапарында эки меморандумга кол коюлду.

«Биринчиси боюнча жөндөмү бар кызматкерлер Японияда иштей алышат. Тилди билсе эле… Жылына 100 орун болот. Тааныш-билиштик болбойт. Экинчиси боюнча кредит тууралуу», — деди Масабиров.