Кыз уурдаса, 7 жыл, мал уурдаса 8 жыл. Депутат Абдалиев «ала качуу салт» дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев кыз ала качуу салт экенин айтты.

Эл өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексине, ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү талкуулашты. Кылмыш-жаза кодексинин «мал уурулук» деген өзүнчө беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул кылмыш үчүн жазаны 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.

Депутат Дастан Бекешев буга каршы чыкты. «Эгер адам уурдаса, 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ал эми мал уурулук үчүн 12 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташат. Бул туура эмес. Адам өмүрү кымбат. Эгерде кызды никеге тууруу максатында ала качса, 7 жылга, мал үчүн 8 жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле жаза өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү үчүн да каралган. Түзөтүүлөрдү киргизүү керек», — деди Дастан Бекешев.

Депутат Мейкинбек Абдалиев кесиптешинен кыз ала качууну мал уурулук менен салыштырбоону өтүндү.

«Кыз уурдоо деп айтып кеттиңиз. Капа болбоңуз. Бул биздин үрп-адат болчу. Ата-бабаларыбыз ала качып келдик деп айтышчу. Бирок ал салтыбыз. Экөөнү салыштырбаңыз. Кызды уурдап башка жакка сатпайт да туурабы?» — деди депутат.

«Анын макулдугу болбосо, кылмыш аракет болот. Каада-салтка туура келбейт», — деди Бекешев.