Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек менен Оштогу унаа тыгыны жана Бишкектеги кара түтүн боюнча тиешелүү министрлик, мэриянын маалыматын угуп, суроолорго жооп алып жатышат.
Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, Бишкектеги жол тыгынды чечүү үчун радикалдуу иш-чарага баруу керек. «Метро менен монорельс салбайбыз, кымбат деп жатасыңар. Бишкекте 700 миң унаа бар. Азыр дагы 300 автобус алып келем деп жатасыз. Бир автобус 10 метр. Аялдамага 5 автобус токтогондо эле 50-60 метр болуп кетип жатпайбы. Каякка алып баратасыз? Стамбулдай кылып, суулардын үстүнө көпүрөлөрдү салыш керек да, метробустарды коё берүү зарыл. Башка жолу жок», — деди депутат Бишкек мэрине.
«Биздин метро же монорельс курбайбыз деген чечимибиз жок. Бүгүнкү күндө акча каражат биздин бюджеттен жетпейт деген маселе бар. Эгер инвестициялык келишим менен акча келсе, биз курганга даярбыз», — деди мэр Айбек Жунушалиев.