Депутат: «Милиция кайсы жерде сойкукана бар билет. Кээде өзүлөрү «крыша» болушат»

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев милиция сойкуканалар боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

«Милиция кайсы жерде сойкукана бар билишет. Кээде ошолорго өзүлөрү «крыша» болушат. Бирок ошол жерде адам сатуу болуп калса, милиция айтпайт да», — деди депутат.

ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев алардын үстүнөн УКМК менен прокуратура көзөмөл кыларын айтты. «Ушундай факты болсо, өздүк коопсуздук кызматы бар. Биздин кызматкерлер арасында катталган фактылар бар», — деди ал.