Депутат: «Министрди сүрдөп жатат деп айтып жатышат. Сүрдөбөш үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырып келелиби?»

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча баяндамачылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды.

Парламент мыйзам долбоорун бүгүн, 22-июлда карап жатат. Айрым депутаттар спикер — Юстиция министри Асел Чынбаеванын даяр эмес экенине жана суроолорго жооп бере албай калганына нааразы болушту.

Президенттин өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранып, министрдин сүрдөп жаткандыгын белгиледи.

Депутат Рыскелди Момбеков буга: «Сүрдөп жатат деп айтып жатышат да. Эми сүрдөбөш үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырып келелиби жанында массаж кылып отурсун? Эми бул сүрдөгөндүкпү?»,- деди ал.

Кечээ, 21-июлда, ЖК комитетинин жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева министр Асел Чынбаевага массаж жасап кызуу талкууга алынган эле.