Депутат: «Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болбосо, парламенттин кереги жок»

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин кереги жок. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев бүгүн парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам мамлекеттик түзүлүштү алсыратат.

«Ушул долбоордун 3-беренесин карайлы. Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар, ар кандай маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган мыйзам. Президент дайындаган Өкмөт президентке гана отчет берет экен. Акыркы 30 жылда андай болгон эмес. Эгер Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анын көзөмөлүндө болбосо, парламенттин керек жок. Эгер ушул берене ушул боюнча кала турган болсо, талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкалай турган берене»,- деди ал.