Депутат Мирлан Самыйкожо: «Бизде сөз эркиндиги бар. Ага кысым болбошу керек»

15-январда 24.kg маалымат агенттигинде тинтүү жүрүп, «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголуп, жетекчилери суракка кирип чыгышты. 16-январда «Айт айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун кеңсесинде тинтүү жүрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун командасында иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан баш-аягы 11 журналист кармалды. Алар массалык башаламандыкка чакырык кылууга шектелип жатышат. Мындан улам бул боюнча депутаттардын оюн угуп көрүүнү туура көрдүк.

«Журналист деген ким? Алар — коомдо болуп жаткан күнгөйдү да, тескейди да чагылдырган журт. Журналисттин өзүнчө бир методу, жолу, багыты бар. Журналисттердин массалык кармалышы туура эмес. «Эмнесин туура, эмнесин туура эмес дейбиз?» дегенге келгенде, аныкталган эч нерсе жок болуп жатат. Чындап мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо, «могу менен мамлекетти жаман көрсөтүп жатат» деп көрсөтүшү керек. Ал нерсе көрсөтүлбөсө, өтө туура эмес. Бизде сөз эркиндиги атам замандан бери келе жатат. Сөз эркиндиги бар. Ага кысым болбошу керек. Муну биз кысым деп кабыл алып жаткан болсок, түшүндүрүп бериши керек. Ошондо гана эл да, журналисттер да түшүнөт эле», — деди депутат Мирлан Самыйкожо.