Депутат Мирлан Жээнчороев коронавирус жуктуруп алганын, аны менен 20 күн бою алышканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев коронавирус жуктуруп алганын, аны менен 20 күн бою алышканын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына кечээ, 14-ноябрда жарыялады.

«Өзүңдүн башыңдан өткөргөндөн кийин түшүнөсүң… Аллахым шыпаасын берди. Ковид менен пневмонияны биздин мамлекеттик ооруканадагы доктурлар дарылашты. Миң мертебе рахмат! 20 күндөн ашык күрөшүү болду, кайра денсоолукту өз калыбына келтирүүгө алдыда дагы бир нече убакыт кетет. Сактангыла!» — деп жазды Мирлан Жээнчороев.